Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Ош шаарында уюштуруу комитети иш алып барууда
Ысык-Көл облусунун “Кырчын” капчыгайында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ош шаарынын катышуусун даярдоо жана уюштуруу боюнча биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров жетектеген Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүчү “Көчмөндөр Ааламы” этномаданият фестивалынын жобосу, өткөрүү боюнча иш-чаралары каралып, ага Ош шаарынын катышуусу жана уюштуруу иштери талкууланды.
“Учурда өлкөбүздө өтө турган II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бардык аймактарды кызуу даярдык жүрүүдө. Бул этномаданият фестивалына Ош шаары жогорку деңгээлде даярданып, фестивалдын алкагында өтүүчү боз үй жасалгалоо, улуттук тамак-аш, уста ордо, улуттук кийимдер, тарыхый экспонаттар, улуттук каада-салттар, манасчылык, боз үйдү тез тигүү, төкмө акындык боюнча сынактарда байгелүү орундарды камсыз кылуу менен сыймыктана турган жыйынтык көрсөтүшүбүз керек. Жалпысынан Ош шаарынан фестивалга 25 боз үй тилет, алардын ичинен 4 боз үй фестиваль өтүүчү аймактын борбордук аянтындагы “Хан ордого” тигилет ”,-деди З.Аскаров.
Жыйынтыгында, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ош шаарынын катышуусун даярдоо жана уюштуруу боюнча иш-чаралар бекитилип, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Айта кетсек, Быйылкы II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүчү “Көчмөндөр Ааламы” этномаданият фестивалы, КР Президентинин “Тарых жана Мадният жылы” жарлыгына ылайык, көчмөн Кыргыз элинин Улуу тарыхын, адам баласынын моралдык калыптануусуна үлгү болгон тарыхый инсандарын, уюткулуу салт-санаасын, үрп-адаттарын, көрөңгөлүү көркөм өнөрүн, тумуш-тиричилигин маданий калыптануусун жана табият менен тыгыз байланыштыгын философиялык ой бүтүм теңдиктерин кеңири чагылдырып берүү менен бирге табияты кооз кыргыз жергесин дүйнө элине даңазалоо максатында өткөрүлөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29