KELECHEK
rek

Ош шаарында кышка даярдык башталды

Ош шаарында кышка даярдык башталды

Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусунда өткөн жылы күз-кыш мезгилинде аткарылган жумуштардын жыйынтыгы чыгарылып, 2016-2017-жылдын даярдыгы туурасында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, анда Оштогу көп кабаттуу жана жеке турак жайлардагы жылуулук берүү, электр энергия тармагы, газ менен камсыз кылуу, элге көмүр даярдоо боюнча өткөн жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыгы талкууланып, андан соң, алдыда аткарылуучу даярдыктар туурасында сөз болду.

- Өткөн жылы жылуулук берүү мезгилинде жылуулук электр борбору тарабынан 10,3 млн. м3 жаратылыш газы, 8935 тонна мазут иштетилген, ал эми учурда “Кыргызнефтгаз” ААКму менен 20 миң тонна мазут сатып алууга келишим түзүлдү. Ал эми 13 даана модулдук отканалар орнотулуп, 14тү реконструкцияланып, 14 отказан алмаштырылды. Аны менен катар көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары, суу түтүктөрү, канализация колго алынууда. Быйыл да бул иш аракеттерди улантабыз, - деди  Ош шаарынын мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Кутманалы Абдрахман уулу.

Жыйындын жүрүшүндө күз-кыш мезгилдерине даярдык туурасында тийиштүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилип, протоколдор жазылды. Ошондой эле, дебитордук карыздар боюнча да сөз болду.

Аны менен катар, ар бир аймактык кеңешке көмүр сатылуучу жайларды даярдоо боюнча да тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 2015-2016-жылдардагы жылытуу сезону негизинен тийиштүү деңгээлде өткөрүлүп, жылуулук жана электр энергиялары менен камсыз кылууда өзгөчө үзгүлтүккө учуроолор болгон жок. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13