Конституциядан орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушталууда
Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын жоюш үчүн референдум өткөрүү сунушталууда. Бул - коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайынын аткаруу комитетинин конституциялык реформа үчүн даярдаган мыйзам долбооруна жазылган жети сунуштун бири.
15-январда Бишкекте өткөн жыйында коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн өкүлү Азимбек Бекназаров орус тилине байланыштуу маселеге мындай комментарий берди:
- Орус тили бизге керек. Бирок ал эл аралык тил макамы менен керек. Сыртка чыкканда колдонуш үчүн керек. Бала бакчадан баштап англис тили менен бир катарда окутулушу керек. Макамы - Бириккен Улуттар Уюмунун тили - англис тили сыяктуу эл аралык болушу керек. Мамлекеттик тил - кыргыз тили эле болушу керек. Иш кагаздарынын баары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, иш-чаралар кыргызча өтүп, аткаминерлер кыргыз тилинде иштеши керек. Антпесек кыргыздар жоюлуп кетебиз.
Кыргызстандагы бир катар коомдук-саясий жана мекенчил күчтөр конституциялык реформа өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдады. Анда референдум өткөрүүнү ушул жылдын 24-ноябрына дайындоо белгиленген.
Жети суроонун ичинде Конституцияны жаңылоо, мамлекеттик башкаруу формасын тандоо, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын тандоо, аймактык реформа сыяктуу маселелер камтылган.
Кыргызстанда орус тили расмий статуска ээ. Көп иш-кагаздар орусча даярдалганы, шаар жерлеринде тейлөө орусча жүрүп жатканы коомчулук арасында нааразы пикирлерди жаратып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









