Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушту.
Мамлекет башчысы 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» деп жарыялоо жөнүндө маанилүү чечим кабыл алынганын, 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы бекитилгенин белгилеп, Жогорку Кеңешти алардын багыттарын ишке ашырууга активдүү киришүүгө чакырды.
Ал Жогорку Кеңешке жакын арада кабыл алынышы керек болгон шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 4 мыйзам долбоору кароого жөнөтүлгөнүн эске салды. «Шайлоо жөнүндө мыйзамдар аны менен алдын ала бардыгы жакшылап таанышып чыгып, ал мындан ары өзгөрбөйт деген бекем ишеним менен шайлоого катыша тургандай болуп, шайлоого бир жыл калганда турукташуусу зарыл», — деп Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аларга ишенип тапшырылган аймактардагы ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун кароону тездетүү жөнүндө каалоосун айтты.
Сот реформасынын алкагында иштелип чыккан, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы Кодекстерди жана мыйзамдарды мониторинг кылуунун жүрүшүндө иштелип чыккан сунуштарды тезирээк кароо зарылдыгын белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы жана фракция лидерлери коомчулукта болуп жаткан башка дагы процесстер боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









