KELECHEK
rek

Иранда кыйраган учак Кыргызстандан эт жүктөп бараткан

Иранда кыйраган учак Кыргызстандан эт жүктөп бараткан

Иранда 14-январда кулап түшкөн жүк ташуучу "Boeing 707" учагына иран армиясынын керектөөсү үчүн Бишкектен 30 тонна эт жүктөлгөн болчу. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди:

- Чартердик каттам жүргүзгөн жүк ташуучу "Boeing 707" учагы ирандык авиакомпанияга таандык. Кыргызстанга тиешеси жок. Ал 13-январда "Манаска" саат 23:10до конгон. Учак дүйшөмбүдө эртең менен саат 7:16да учуп кеткен. Экипажда 16 адам болгон. Арасында кыргызстандыктар жок.

Кырсык 13-январда эртең мененки саат 11 чамаларында Тегерандын четинде болгон. Reuters маалымдагандай, кыйроого катаал аба ырайы себеп болгон. "Пайам" аэропортуна багыт алган учак Фат аэродромуна чукул конууга аракет жасап, бирок башкарууну жоготуп жиберген. "Boeing 707" конуу тилкесинен чыгып кетип, күйүп кеткен. Борттогу 16 кишинин 15и курман болуп, борт инженер аман калган.

Иранда кулап түшкөн жүк ташуучу "Boeing 707" учагына Кыргызстандагы "Наведитс" ишканасынан алынган 30 тонна кой эти жүктөлгөн болчу. Кыргызстан Иранга 2017-жылдан бери эт экспорттойт.

Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча инспекциядан алынган маалыматка караганда, 2017-жылы 146 тонна, 2018-жылы 786 тонна жөнөтүлгөн. Макулдашууга ылайык, кой эти гана жиберилет.

"Боинг-707" 40 жыл мурун пайдаланууга берилген. Олуттуу кыйроолордун айынан жалпысынан бул үлгүдөгү 172 учак талкаланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...