Жээнбековдун штабынын “көмүскө кассасы” боюнча баштапкы тергөө аяктады
Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү менен баннер. 12-октябрь, 2017-жыл
Ички иштер министрлиги (ИИМ) президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы “көмүскө касса” жөнүндө тергөөгө чейинки текшерүүсүн аяктады. Бул ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
“Текшерүү учурунда президенттикке талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, облустук, райондук жана шаардык штаб башчыларынын жетекчилери, кызматкерлери суракка алынды. Талапкердин штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы Кыргызстандын сыртына өргүүгө чыгып кеткени үчүн кайтып келгенден кийин ИИМдин Тергөө кызматына чакырылат. Ал көрсөтмө бергенден кийин жыйынтыктоочу чечим кабыл алынат” деп айтылат расмий билдирүүдө.
Былтыр укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин жарыялаган.Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен.Президенттин аппараты муну "фейк" маалымат деп мүнөздөгөн.
Кийин Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы коопсуздугунан чочулап өлкөдөн чыгып кеткенин экс-президент Алмазбек Атамбаев айтып чыккан.
Коомчулукта “Тизмегейт” деп аталган бул маселенин чоо-жайы тууралуу буга чейин түрдүү аргументтер айтылып келди. Буга байланыштуу ИИМ иликтөө баштаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









