Жалал-Абад шаарынын мэри: “БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ КУРУЛУШТАРДЫН КӨЛӨМҮ ӨТКӨН ЖЫЛДАГЫДАН АЗ БОЛБОЙТ”
Быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында капиталдык курулуштардын көлөмү өткөн жылдагыдан кем болбойт. Шаарды инфраструктуралык жаңыртуу багытында көлөмдүү иштер аткарылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.
Шаар мэриясынан алынган маалыматтарга караганда, өткөн жылы Жалал-Абад шаарында жалпысынан 147 миллион сомдук инфраструктуралык жакшыртуу иштер жүрүп, анын баары жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Шаар тарыхында эмес, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жер асты өтмөгү курулуп, пайдаланууга берилген. Шаардагы негизги деп эсептелген эки көчө кеңейтилип, ондогон тротуарлар курулган. Ондогон көчөлөргө асфальт басылып, жаңы мектеп эшигин ачса, бир катар балдар бакчаларына, медициналык мекемелерге кошумча имараттар, мектепке спорт залы камсыздалган.
- Биз быйылкы жылы шаарды инфраструктуралык жактан жаңыртуу иштерин өткөн жылдагы көлөмдөн азайтпайбыз, жаңы имараттар курулат, көчөлөр кеңейтилет, борбордук көчөгө дагы бир жер асты өтмөгүн курабыз. Курула турган тротуарлар бар, ушунун баары жергиликтүү бюджет аркылуу аткарылат, - деди шаар мэри М.Тагаев.
Эскерте кетсек, союз мезгилинде 40-50 миң кишиге ылайыкталып курулган Жалал-Абад шаарында азыркы кезде расмий 120 миңдей, ар кандай маалыматтарга караганда 170 миңден ашуун киши жашайт. Учурда шаардык инфраструктураны жаңы шарттарга ылайыктоо зарылдыгы курч.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38