KELECHEK
rek

Июнь айында Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин Саммити өткөрүлөт

Июнь айында Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин Саммити өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү..

Ал 2018-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммитинде Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнүн эске салды.

«Биз ШКУну өз ара ишенимге негизделген кызматташууну өркүндөтүүчү аянтча катары көрөбүз. ШКУнун кадыр-баркы жыл өткөн сайын бекемделүүдө. Ага мүчө мамлекеттердин ынтымагы, ишенимдүү өнөктөштүгү жана бири-бирине болгон сый-урматы — бул Уюмдун негизи», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Саммитти өткөрүү максатында жасалган иштер, пландалып жаткан чаралар боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы, КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат беришти.

Бүгүнкү күндө тиешелүү министрликтерде жана ведомстволордо бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, атап айтсак, ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрликтеринин, айыл чарба министрликтердин, Эсеп палаталарынын, Регионалдык террорго каршы кызматташтык Кеңештин, Чек ара кызмат башчылардын кеңешинин отурумдары болду.

Алдыда дагы Коопсуздук кеңештин катчыларынын, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин кезектеги отурумдары, ШКУ медиа-саммити, көркөм көргөзмөсү, Эл аралык марафон, ШКУ Бизнес-форуму сыяктуу маанилүү иш-чараларды өткөрүү милдети турат.

Башкы иш-чара — ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешин 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү өткөрүү пландалып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жыл ШКУнун эгидасы алдында өтөөрүн жана ШКУ Саммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, каралчу маселелерди мазмундуу, жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды.

Ал ШКУнун мындан аркы беделинин бекемделишине жана эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошуу, терроризм, экстремизм, баңги заттарды мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүү, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык кызматташууну андан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12