Паспорттордун дүйнөлүк рейтингинде Түркмөнстан 85-орунга жайгашты
Henley & Partners консалтинг компаниясы тарабынан түзүлгөн паспорттордун эл аралык рейтингинде Түркмөнстан 85чи, Өзбекстан менен Тажикстан 80чи, Казакстан 67чи жана Кыргызстан 76-орунга жайгашты.
Тизменин сап башына Жапония жазылган. Бул өлкөнүн жарандары дүйнөнүн 190 мамлекетине визасыз бара алышат.
Экинчи орундагы Сингапур менен Түштүк Кореянын жарандары 189, үчүнчү орундагы Германия менен Франциянын жарандары 188 өлкөгө визасыз кире алышат.
Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Балтика өлкөлөрү алдыда.
- 11-орунга жайгашкан Литва жана Латвиянын жарандары 180 өлкөгө визасыз кире алышат. Эстония 12-орунда, анын жарандары 179 өлкөгө визасыз барышат.
- Украин паспортун алып жүргөндөр 128 өлкөгө визасыз бара алышат. Бул рейтингде Украина 41-орунга жайгашкан.
- 46-орунга жайгашкан Молдова жарандары 122 өлкөгө визасыз баруу укугуна ээ.
- Орусия – 48-орунда. Орусиялыктар 119 өлкөгө визасыз бара алышат.
- 51-орунга Грузия жайгашкан. Бул өлкөнүн жарандары 114 өлкөгө визасыз барышат.
- Беларус паспортунун ээлери 77 өлкөгө визасыз кире алышат. Өлкө рейтингде 66-орунга жайгашкан.
- Кийинки орунда жайгашкан Казакстандын жарандары 76 өлкөгө визасыз киришет.
- 74-орунга Азербайжан жазылган. Бул өлкөнүн паспортун алып жүргөн жарандар 74 мамлекетке визасыз барышат.
- Кыргызстан – 76-орунда. Кыргызстандыктар 64 өлкөгө визасыз баруу укугуна ээ.
- Армения 79-орунда, бул өлкөнүн жарандары 61 мамлекетке визасыз бара алышат.
- 80-орунга жайгашкан Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары 58 өлкөгө визасыз барышат.
- Түркмөнстан рейтингде 85-орунда. Өлкө жарандары 53 өлкөгө визасыз киришет.
Жалпы рейтингдин акыркы сабына Ооганстан менен Ирак жазылган. Бул өлкөнүн жарандары 30 мамлекетке визасыз кире алышат.
Henley & Partners компаниясы белгилегендей, паспорттордун индекси жарандардын эркин саякаттоосу боюнча алгачкы эл аралык рейтинг болуп эсептелет. Ал өлкөлөрдүн дүйнөлүк аренадагы эл аралык мамилелерин жана макамын көрсөтүп турат. 2018-жылдан бери паспорттордун рейтинги жылына бир нече жолудан жаңыланып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









