KELECHEK
rek

Кыргыз дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып кырдаал менен таанышты

Кыргыз дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып кырдаал менен таанышты

Кытайлык кыргыздар, Кыргызстан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келгенин ырастады.

Буга чейин "Reuters" маалымат агенттигине 12 өлкөнүн дипломаттары Кытайдын тарбиялоочу лагерлерине барып келгени тууралуу кабар жарыяланган.

ТИМдин "Азаттык" радиосуна берген маалыматына ылайык 28-декабрдан 30-декабрга чейинки аралыкта Кытай тараптын чакыруусу менен 12 өлкөнүн (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикистан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) дипломатиялык миссиялары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук аймагынын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларына барып келишкен.

Шинжаңдагы лагерлердин бири.

Анда дипломаттар аймактын социалдык-экономикалык абалы менен таанышып, маданий жерлерине, билим берүү окуу жайларына, мечиттерине жана базарларына барышкан. Сапардын алкагында элчиликтердин өкүлдөрү мурда сөз болуп жүргөн тарбиялоочу лагерлерге да барышкан. Бирок ТИМ бул тууралуу кошумча маалымат берген жок.

Кытайда аз улуттар куугунтукка кабылып жатканы, жүз миңдеген адамдар саясий лагерлерде кармалып турганы тууралуу кабарлар дээрлик эки жылдан бери байма-бай айтылып келет.

2018-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышкан. 29-ноябрда Бишкекте өткөн жыйында Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети да түзүлгөнү белгилүү болгон.

Кытай бийлиги Шинжаңдын жашоочуларынын укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кадыресе билим берүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...