KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт

«Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Жолугушууда Сокулук районунун жергиликтүү жашоочусу 7-январда Бишкек шаарынын Борбордук аянтында Кытай тарапка каршы өткөн митингди эске салып, ири экономикалык өнөктөш — Кытай Эл Республикасы менен мамилени бузуп салбайбы деген тынчсыздануусун билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга макулдашууларга ылайык кредит-гранттарды берип жатканын, ал эми алар берип жаткан каражат кандай иштетилип жаткандыгы — бул мамлекеттин ички маселеси экенин белгиледи.

«Проблема биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка биз рахмат айтышыбыз керек. Саясатташтырып, эл аралык мамилелерди бузгусу келип, стабилдүүлүккө доо кетиргиси келгендер ким экендиги, алардын аракети көзөмөлдө. Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мыйзам иштейт. Уурдабасак, элибизге каршы аракет кылбасак, корко турган эч нерсебиз жок. Баарына чара көрөбүз, кабатыр болбогула. Маселе көзөмөлдө. Органдар иштеп жатат, иштебегендер, тартип бузууга жол бергендер жооп берет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12