KELECHEK
rek

Өзбекстан: Башкы прокуратура Самарканддагы аялдын сабалышын өз көзөмөлүнө алды

Өзбекстан: Башкы прокуратура Самарканддагы аялдын сабалышын өз көзөмөлүнө алды

Самарканд облусунда 35 жаштагы аялдын катуу сабалганы тууралуу макала жарыялангандан кийин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул ишти өз көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Самарканд облусунун 35 жаштагы тургуну Феруза Убайдуллаева өзү иштеген фермада эки киши тарабынан сабалганын билдирген. Жабырлануучунун айтымында, ал 2018-жылдын октябрь айында кордук көргөн. Ага кол көтөргөн жергиликтүү фермердин инилери бардык процессти видеого тартып, Интернетке жүктөшкөн. Тасмадан эки эркек киши аялдын колун кайрып, жерге жыгып, кордогонун көрүүгө болот.

Бул арада Феруза Убайдуллаева эки эркек киши аны чечиндирип, зордуктоого аракет жасаганын айткан. Бирок бул учур видеодон табылган эмес.

Самарканддык аялдын катуу сабалганы тууралуу макала жарыялангандан кийин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул ишти өз көзөмөлүнө алды. “Кыйноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Өзбекстандын Аялдар комитети Самарканд облустук сотунда Феруза Убайдуллаевага коомдук коргоочу катары көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53