Обама Жогорку соттун иммиграция туурасында чечимине нааразы
АКШ президенти Барак Обама Жогорку соттун чечимине ичи чыкпаганын билдирди. Жогорку сот анын мыйзамсыз жол менен өлкөгө келген миллиондогон иммигранттарды депортациялоодон баш тартууну караган планына бөгөт койду.
"20 жылдан бери биздин иммиграциялык системабыз бузулуп келген. Ал эми Жогорку соттун бүгүнкү бүтүмү бизди артка тартып гана тим болбостон, өлкөнү биз умтулган макамдан кыйла алыстатып койду”, - деди ал.
Обама сунуштаган программа Кошмо Штаттарда 2010-жылдан бери мыйзамсыз жашаган, соттолбогон жана балдары бар 4 миллионго чукул адамга багытталган. Алар депортацияга дуушар болуу коркунучунан кутулуп, ишке орношууга уруксат алышмак.
Жогорку сот мүчөлөрүнүн жарымы аталган мүдөөнү колдоп, жарымы каршы добуш берип, президенттин сунушу өтпөй калды. Ошентип, бул маселеде анын каршылаштары болгон республикачылар ийгиликке жетишти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12