KELECHEK
rek

Саудиялык качкын аял БУУнун жардамы менен Таиланд аэропортунан чыгып кетти

Саудиялык качкын аял БУУнун жардамы менен Таиланд аэропортунан чыгып кетти

Рихаф Мухаммад Алкунун

Бир суткадан бери Баңкоктогу мейманканада бекинип отурган 18 жаштагы саудиялык Рахаф Мухаммед Алкунун Кувейтке барбаш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигинин өкүлдөрүнүн кайтаруусунда аэропорттон чыгып кетти.

Рахаф Австралиядан башкалка суроодо.

Рахаф Мухаммед Алкунун 5-январдан тартып "Twitter" баракчасы аркылуу жардам сурап жаза баштады. Ал Кувейттен Баңкокко учуп келгенден киийн анын паспортун алып коюшканын айтып арызданган.

Аял Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигине жардам сурап кайрылган. Адвокаты Алкунунду өз мекенине кайтарбоо тууралуу өтүнүч Баңкоктун Кылмыш сотунан жиберилгенин билдирди.

Укук коргоочу Надтасири Бергман “кимдир-бирөө мыйзамсыз кармалса, биз сотко кайрылып, тиешелүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин кароого чакырабыз” деп, соттун жообун күтүп жатышканын кошумчалады.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы Алкунундун ишине кылдат көз салып турганын жана “анын өзү менен жолугууга тай бийлигинен уруксат сурап жатканын” маалымдады.

Саудиялык аял "Twitter" баракчасына эгер аны күчтөп өз мекенине жиберишсе, анын өмүрү “чындап коркунучка” кептелерин, ал тургай аны "өлтүрүп коюшарын" жазды.

Алкунун “Хьюман Райтс Уотч” уюмунан билдиргендей, ал үйүндө такай зордук-зомбулукка кабылган, эркек туугандары “өлтүрүп коёбуз” деп коркутушкан. Чачын кыскарткандан кийин алар алты ай бою аны өз бөлмөсүнөн чыгарбай камап салышкан.

Сауд Арабиясында эркектер үй-бүлөдө аялдардын жүрүм-турумун толук көзөмөлдөшөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...