KELECHEK
rek

Трамп "Аль-Каиданын" командирлеринин бири өлтүрүлгөнүн жарыялады

Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп 2000-жылы америкалык "Коул" эсминецине кол салууну уюштурду делген кишилердин бири өлгөнүн жарыялады. Теракт учурунда 17 америкалык моряк мерт болгон.

Трамп жекшембиде Твиттерге “Биздин аскерлер "Коул" эсминециндеги кол салуудан өлгөн жана жаракат алган каармандардын атынан сот адилеттүүлүгүн орнотушту. Биз бул операцияга кол башчылык кылган Жамал аль-Бадавини өлтүрдүк", - деп жазды. Ал "Аль-Каидага" каршы күрөш уланарын белгиледи.

Бир нече күн мурун америкалык аскерлер шейшембиде Йемендин Мариб провинциясына абадан сокку жасалганын, чабуул аль-Бадабиге багытталганын билдиришкен. Ал ФБР тарабынан түзүлгөн террорчулардын тизмесинде болгон.

"Коул" эсминеци 2000-жылы октябрда Аден портунда кол салууга кабылган. Анын натыйжасында 17 америкалык моряк мерт болгон. Жардыруу үчүн "Аль-Каида" тобу жоопкерчиликти өзүнө алган.

Йемен бийлиги аль-Бадавини 2000-жылы камакка алган, бирок ал 2003-жылы түрмөдөн качып кеткен.

Сот аль-Бадавини терроризм, анан ичинде АКШ жарандарын жана аскер кызматкерлерин өлтүрүүгө күнөөлөгөн. "Коул" эсминецин жардыруу аракетинен тышкары ал АКШ аскердик деңиз күчтөрүнүн кемесине кол салууга катышы бар деп айыпталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52