Кыргызстанда 25 жыл мурун өзүнүн Парижи пайда болгон
Кыргызстандыктар Парижге баруу үчүн Шенген визасын алып, авиабилет үчүн акча коротушпайт. Өлкөдө 25 жыл мурун өзүнүн Парижи пайда болгон. Кичинекей соода жайы борбордон 150 чакырым аралыктагы Бишкек-Ош трассасында жайгашкан.
Кыргызстандын “париждиктери” өлкөнүн эң суук аймагында — Суусамыр өрөөнүндө жашашат.
Айылдын тургуну Сайраш Бейшебаеванын айтымында, бул жерге Париж деген ысымды сапармандар беришкен:
1993-жылдан баштап бул жерге кишилер отурукташа баштаган. Ал кезде аз эле кафе болгон. 1995-жылдан тарта көптөгөн кишилер боз үй жана чатырлары менен келе башташты. Жүргүнчүлөрдүн көңүлүн буруу үчүн үйлөрүбүздү гирлянда жана лампочкалар менен кооздой баштадык. Түнкүсүн баары жаркырап, алыстан эле көрүнчүбүз. Мунун баары кооз көрүнгөндүктөн, сапармандар Париж деген ысым беришкен.
“Париждиктер” жолдо калган айдоочуларга далай жолу жардам беришкен. Азыр эле техникалык тейлөө станциясы орнотулганы болбосо, мурун баары кол менен жасалчу. -40 температурада аккумуляторлорду дүрмөттөп, дөңгөлөктөрдү алмаштырышчу.
Картада бул жай белгиленген эмес. Жолдун эки өйүзү эки башка районго таандык. Жашоочулар бийликтен бул жерди бөлбөй, мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүшөт. Алар расмий түрдө Чүй облусунун Париж деген кыштагы болууну каалашат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13