KELECHEK
rek

Сот-укуктук реформа боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Чүй облусунда бирдиктүү реестрдин киргизилиши менен таанышышты (ФОТО)

Сот-укуктук реформа боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Чүй облусунда бирдиктүү реестрдин киргизилиши менен таанышышты (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Исабаев жана сот-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун (ЭЖТ) мүчөлөрү Чүй облусунда жаңы процессуалдык кодекстердин жана мыйзамдардын жоболорун жана ошондой эле Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин (КЖБР) киргизилишинин жүрүшү менен таанышышты.

Санжар Исабаев жана ЭЖТ мүчөлөрү Чүй облустук прокуратурасына, Аламүдүн РИИБине, Ысык-Ата РИИБине, Райондор аралык экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына, Чүй облустук сотуна барышып, прокурорлор, тергөөчүлөр, тергөөчү судьялар менен жолугушууларды өткөрүштү.

КЖБРге каттоонун жүрүшү, кодекстерди колдонуудагы кыйынчылыктар менен таанышып, жеринде Башпрокуратура, ИИМ, Жогорку сот, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын реформаларды ишке ашыруу боюнча ишине байкоо жүргүзүштү.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан баштап, сот-укуктук реформанын алкагында «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» ишке киргизилди — бул сотко чейинки иш-чаралар, процессуалдык иш-аракеттер, кылмыш иши же жоруктардын ишинин жүрүшү, кылмыш соттук иши боюнча арыздангандар жана катышуучулар жөнүндө киргизилчү маалыматтардын электрондук базасы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53