Помпео америкалык аскерлер Сириядан чыгарыла баштаганын билдирди
Сириядагы АКШ аскерлери
Америкалык аскер кызматкерлери Сириядан чыгарыла баштады. Бул тууралуу Newsmax телеканалына берген интервьюсунда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.
Помпео АКШ президенти Дональд Трамп дале болсо «Орто Чыгыштагы абалды турукташтыруу» үчүн чараларды көрүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Ал ошондой эле Кошмо Штаттар «Ислам мамлекети» тобунун жихадчыларына жана Дамаскка колдоо көрсөтүп жаткан Ирандын ишмердүүлүгүнө каршы өнөктүктү уланта турганын белгиледи. Мамлекеттик катчы мындан тышкары АКШ Түркия аскерлери Сириядагы күрттөргө чабуул жасабай турганына ишенгиси келерин кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыгарыла турганын 19-декабрда билдирген. Ал мындай чечимин «Ислам мамлекети» террордук тобу жеңилгендиги менен байланыштырган.
1-январда Трамп аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн төрт айга чейин узартууга макул болгону белгилүү болгон. ЖМКлардын маалыматтарына караганда, президент көз карашын декабрдын аягында Ирактагы америкалык аскер базасына баргандан кийин өзгөрткөн. Анда аскердик жетекчилер Трампты жихадчылар биртоло жеңиле электигине ишендиришкени айтылууда.
Сириянын президент Башар Асаддын көзөмөлүндө болбогон аймактарында 2 миңге жакын америкалык аскер бар. Алар эл аралык коалициянын курамында «Ислам мамлекети» тобунун жоочуларына каршы күрөшү жүргүзүшүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52