KELECHEK
rek

Индияда аялдар храмга киргенден кийин нааразылык акциялар башталды

Индияда аялдар храмга киргенден кийин нааразылык акциялар башталды

Гендердик теңдикти колдогон индиялык аялдардын акциясы. 1-январь 2019-жыл

Индиянын Керала штатындагы индустардын ири сыйынуучу жайларынын бири эсептелген храмга аялдар кирип сыйынгандан кийин нааразылык акциялар башталды. Полиция чогулгандарды кууп таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду.

Маалыматка караганда, демонстранттар аталган штаттагы Сабаримала шаарынын бир нече жолун тосушту. Акциянын айрым катышуучулары дүкөн ээлерин дагы иш таштоого чакырышууда. Штаттын кээ бир райондорунда демонстранттар полиция кызматкерлерин көздөй таштарды ыргытышты.

1-январда бир нече кылымдан бери алгачкы жолу эки аял храмга кирип сыйынып, ошол эле күнү аялдар гендердик теңдикти колдоп акцияга чыгышкан. Бийликтин маалыматы боюнча ага жалпысынан беш миллиондон ашык аял катышты.

Узак убакыттан бери 10 жаштан 50 жашка чейинки аялдарга Сабаримала храмына кирүүгө тыюу салынып келген. Былтыр сентябрда өлкөнүн Жогорку соту бул тыюуну расмий алган. Бирок эркектер храмга кирүүнү каалаган аялдарга таш ыргытып, киргизбей келишкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53