Трамп: «Орусия Ооганстанда согушуп туура кылган, азыр кайра кайтып барышы керек»
АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстанда «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөшүү тууралуу айтып жатып, анда башка өлкөлөрдүн аскерлери согушса жөндүү болорун билдирди.
«Эмнеге ал жакта Орусия жок? Эмнеге Пакистан жок? Эмнеге Индия жок?», — деди Трамп.
Ошол эле учурда ал 1980-жылдардагы Ооганстандагы согуш Советтер Союзун банкротко кептеп, аны Орусияга айлантканын белгиледи.
«Орусия мурда СССР болгон. Ооганстан аны Орусия кылды, анткени алар Ооганстанда согушуп жатып банкротко кептелишти. [...] Орусия террорчулар анын аймагын көздөй жылып бараткандыктан Ооганстанга барган. Алардын [орусиялыктарды] ал жакта болууга укугу бар болчу. Анда күрөш оор болгондуктан, алар банкрот болушкан. Ошондуктан Советтер Союзу эмес, Орусия болуп калышты. Силер Орусияныкы деп эсептеп келген жерлер, Ооганстандан улам азыр Орусиянын бөлүгү болбой калган», — деди Трамп.
Советтер Союзу Ооганстанга 1979-жылы кирип барган. Советтик армия анда Кабулду көзөмөдөө үчүн күрөш жүргүзүп келген түрдүү моджахеддер тобуна каршы согушкан. Советтер Союзу көп жылдык жоготуулардан кийин аскерлерин 1988-1989-жылдары чыгарып кеткен. СССР расмий 1991-жылы 26-декабрда кулаган.
Трамп америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү тууралуу эч кандай расмий билдирүү жасаган жок. Учурда анда 14 миңге жакын АКШ аскери бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









