Жалал-Абад шаарында баңгизатка каршы күрөш күчөтүлөт
Бүгүн, 24-июнь күнү Жалал-Абад шаардык мэриясынын кеңешме залында 6-июнь - Бүткүл Дүйнөлүк баңги затына каршы күрөшүү күнүнө карата облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун демилгеси менен тегерек стол болуп, ага шаардагы бир катар орто кесиптик билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын, укук короо органдары жана облустук казыяттын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, анда негизинен учурда коомчулукта айрыкча жаштар арасында баңгизаттын ден-соолукка тийгизген терс таасири, аны алдын алуу боюнча бир катар маселелер талкууланды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден-соолукту чындоо бөлүмүнүн адиси Шайлоокан Төрөбекованын айтымында, негизги максат - коомчулукка баңгизатынын тийгизген терс таасири тууралуу, дегеле келечек муундун ден-соолугуна болгон эл арасында кенен жеткирүү. Бул ишке баары чогуу катышуусу абзел.
Андан тышкары, тегерек столдо сөз сүйлөгөн Жалал-Абад областтык психикалык саламаттык борборунун наркология бөлүмүнүн жетекчиси Махпурат Умарованын айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө област боюнча алты айдын эсебинен 476 адам баңгизатына көз каранды катары каттоодо турат. Алардын арасынан 147 адам баңгизатын ийне аркылуу кабыл алышат. Ал эми шаар боюнча бул илдетке кабылган 80 адам каттоодо турат. Ал эми район-шаарлардын ичинен Сузак районунда 160 адам көзөмөлдө турат.
Тегерек столдогу талкуунун аягында баңгизатка каршы күрөштү коомчулуктун жардамы менен күчөтүү боюнча резолюция кабыл алынды
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38
Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда
«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...
ДЕН СООЛУК 2016-06-02 13:44