KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Жаӊы 2019-жылды аруу тилек, илгери үмүт, асыл максаттар менен баштайлы

Президент Сооронбай Жээнбеков: Жаӊы 2019-жылды аруу тилек, илгери үмүт, асыл максаттар менен баштайлы

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырман журтум!

«Айдан аман, жылдан эсен» чыгып, Жаӊы 2019- жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Баарыбызды толкундаткан ушул мүнөттөрдө кутман элимди куттуктоо- мен үчүн өзгөчө сыймык!

Сиздердин ар бириӊиздерди, үй-бүлөӊүздөрдү, сыртта жүргөн мекендештеримди Жаӊы жылыӊыздар менен куттуктайм!

Кадырман калайык-калкым!

Өтүп бараткан жылда Сиздерге берген убадаларымды аткаруу үчүн иштедим.

Өлкө аймактарын түрө кыдырып, Сиздер менен баарлаштым. Коомубуздун ар кайсы өкүлдөрү менен жолуктум.

Кандай иш болбосун, кадырлуу эл-журтум, Сиздердин колдооңуздарды сездим.

Баарыӊыздарга чын пейлимден чыккан ыраазылыгымды билдирем.

Кымбаттуу мекендештерим!

Быйыл элет жерине өзгөчө көӊүл бурдук. Аймактарда чоң өзгөрүүлөргө карай чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул багытта иштер жаӊы жылда дагы уланат.

Өлкөнү, өзгөчө региондорду санариптештирүү — бийик максатыбыз жана милдетибиз. 

Эл аралык аренада мамлекетибиздин аброюн бекемдедик.

ЕврАзия экономикалык биримдигинде өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталган иштерди жасадык.

Стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз — Россия менен ар тараптуу достук мамилени чыӊдадык.

Коӊшу мамлекеттер менен болгон карым-катышыбызды жаңы баскычка көтөрдүк.

Залкар жазуучу, гуманист, философ, планетардык масштабдагы инсан, атактуу жердешибиз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык юбилейин дүйнө коомчулугу менен чогуу белгиледик.

Коомубузду коррупциядан, колу туткак, элдин ырыскысына кол салган, ыймансыз чиновниктерден тазалап жатабыз.

Жаңы жылда сот-укуктук реформалар ишке аша баштайт. Кыргызстан жаңы, чыныгы укуктук мейкиндикте жашоого кадам таштайт.

Өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн узак жана орто мөөнөткө стратегиябызды аныктап, багытыбызды, басар жолубузду тактадык.

Келечекке карата бийик максаттарды белгиледик.

Бул асыл максаттарга ыймандуу бийлик, ынтымактуу коом болгондо гана жетебиз.

Мен үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ар бир жумуш күнүм, ар бир саатым элимдин жашоосун жакшыртууга арналат. Бул менин жашоомдун маӊызы.

Негизги максатым — сиздер менен чогуу, жаштарыбыз, урпактарыбыз сыймыктанчу өлкөнү, адилет коомду, таза бийликти, өнүккөн Кыргызстанды куруу!

Урматтуу улуу журтум,

Кымбаттуу калайык-калкым!

Жаӊы 2019-жылды аруу пейил, илгери үмүт, асыл максаттар менен баштайлы.

Ата-энелер бала-бакырасы менен чогуу болуп, ар бир үйдө бакыттын күлкүсү жаӊырып турсун! Амандык, токчулукболсун!

Жергебизге кут конуп, ар дайым тынчтык болсун!

Элибиздин ынтымагы бекемделип, ырыскысы мол болсун.Берекебиз төгүлүп турсун!

Жаратканыбыз сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдоп, мээримин, жакшылыгын аябасын!

Жаңы Жылыныздар менен!»

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12