Чаткал айыл аймагында бир топ иштер аткарылууда
Чаткал айыл аймагында жыл башынан бери бир топ иштер аткарылып, айыл аймактын жана райондун социалдык— экономикалык өнүгүүсүнө көрүнөөрлүк салымдар кошулууда. Төмөндө, айрым иш чараларга көңүл буруу менен, айыл аймакта аткарылган жана аткарылып жаткан жумуштарга токтоло кетсек ашыкча болбос.
Алсак, Курулуш айылындагы С. Мырзалиев орто мектеби быйыл республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүлмөкчү. Буга чейин аталган мектептин чатыры жараксыз болуп калган болчу.
Быйыл, жакынкы мезгилдерде Чаткал районунун Курулуш айылынын жаңы конушуна зым карагай мамылары орнотулуп, электр жеткирилмекчи. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров билдирди. Анын маалымдашынча, айыл өкмөтү тарабынан бул иштерге жетиштүү акча каражаты бөлүнгөн.
Жаңы—Базар айылынын Жаңы—Кыштак участкасына мал жана жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн курулушу башталды. Баасы 3 млн, 473 миң сомду түзгөн бул көпүрөнүн курулуш иштери «Империя Групп»» ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ак—Таш айылында айылдык ишкер Сүйүтбек Исматов тарабынан зым тор токуучу жабдуу ишке берилди. Ишкер учурда өз айылын продукциясы менен камсыздап бүтүп, райондун башка айылдарына да сатууну максат кылууда.
Чек арага жакын жайгашкан Ак— Таш айылынын инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында түнкү чырактарды орнотуу пландаштырылууда. Буга ылайык, Чаткал районунун өнүктүрүү фондуна 2 млн, 540 миң 525 сомдук долбоор даярдалууда. Аталган долбоор ишке ашып калса, аталган айылга 92 даана чырак жана буларды электр менен камсыздоого 1 даана трансформатор орнотулмакчы.
Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасындагы жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү максатында Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын алкагында Айыл Кеңеш Кызматы менен биргеликте жардамга муктаж үй бүлөлөргө жаз, жай мезгилдерине ылайык утурумдук он эки күнөскана куруп берүүнү максат кылууда. Бул иштерге айыл аймагы тарабынан жүз элүү миң сом бөлүнгөн.
Жыл башынан бери Чаткал айыл аймагында жашаган калктын жакырчылык деңгээли 6.4% га төмөндөдү. Бул көрсөткүч жергиликтүү калктын жеңилдетилген кредиттердин эсебинен төрт түлүк малдын башын көбөйтүүсүнөн, айыл аймактагы «Темир мал» фондунун малдарынын эсебинен жардамга муктаж үй бүлөлөрдүн пайда табуусунан жана жергиликтүү тургундардын тоо кен фирмалары тарабынан жумуш менен камсыз болуусунан улам келип чыгууда. Белгилей кетсек, жыл башынан бери «Кичи Чаарат» фирмасына отуз эки тургун ал эми, «Вертекс Голд Компани» фирмасына алты жаран жумушка орношкон.
Жаңы— Базар айылында жана Курулуш айылында эки бала бакча ачылып, элге кызмат көрсөтө баштады. Буга чейин аталган айылдарда бирден гана бала бакчалар иштеп келсе эми, бала бакчалардын саны төрткө жетти.
М. Эшназаров, "Чаткал.kg".
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41