KELECHEK
rek

Түркмөн президенти немис тилинде ырдады

Түркмөн президенти немис тилинде ырдады

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов небереси Керимгулы менен

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов небереси менен бирге кезектеги жаңы ырын аткарды. Бул тууралуу өлкөнүн расмий басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, президент менен небереси «Кыял» аттуу ырды 21-декабрда Жаңы жылга арналган салтанат маалында ырдашты. Ал иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ата мекендик жана чет өлкөлүк дипломаттар, ошондой эле маданият жана искусство ишмерлери катышкан.

Ырдын сөзү президент Гурбангулы Бердымухамедовго, обону небереси Керимгулы Бердымухамедовго таандык.

«Заманбап стили жана шөкөттөөсү менен айырмаланган ыр түркмөн, англис жана немис тилдеринде аткарылды. Жагымдуу обону, жүрөктөн чыккан сөздөрү угармандардын көңүлүнө жакты. Ырдын аларга жакшы таасир калтырганы дүркүрөгөн кол чабууларынан көрүнүп турду», — деп жазды «Түркмөнстан Алтын кылым» басылмасы.

Быйыл жазында Бердымухамедовдун аткаруусундагы советтик «Каракум» ыры коомчулуктун көңүлүн буруп, социалдык түйүн колдонуучуларынын кызыгуусун жараткан.

2015-жылы президенттин калемине таандык «Алга, алга жана алга, мекеним, Түркмөнстан!» деген ырын бир маалда төрт миңден ашык киши аткарып, ал Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...