KELECHEK
rek

Ташкентте жалгыз бой эненин чачын кырып жазалаган аялдар жоопкерчиликке тартылган жок

Ташкентте жалгыз бой эненин чачын кырып жазалаган аялдар жоопкерчиликке тартылган жок

Эки баланын энеси, ташкенттик Шахзода Хусанова сотсуз жазаланганын, аны сабап кеткен аялдар жоопкерчиликке тартылбай, дагы деле  коркутуп жатканын билдирүүдө. Хусанованын айтымында, 4-октябрда үч аял үйүнө кирип келип, сабап жана чачын устара менен кырып кеткен.

Хусанованын ырасташынча, окуя кичинекей балдарынын көзүнчө болгон, бул алардын психикасына терс таасирин тийгизген.

Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүндө Хусанова жеңил жаракат алганы белгиленген. Документте аялдын чачы кырылганы, чыканак, ийин, билегинде шишик, тырык жана тиштин издери болгону көрсөтүлгөн.

Юнусабад райондук ички иштер бөлүмү Хусанованын арызы каттоодон өткөнүн, бирок иш козголбогонун билдирди. Ташкенттик адвокат Умид Давлетов кылмыш ишин козгоодон баш тартууга негиз жок болчу деп эсептейт.

28 жаштагы жалгыз бой эне Шахзода Хусанованын айтымында, ал Telegram каналында бир эркек менен таанышкан. Анын аялы күйөөсүнүн каттарын окуп, эки аял менен Хусанованын үйүнө барган. Үч аял Хусанованы сабап, устара менен чачын кырып, үйүндөгү алтын зер буюмдарын алып кетишкен.

Адвокат Умид Давлетовдун айтымында, өзбек мыйзамдары “сотсуз жазалоону” атайын кылмыш катары карабайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53