KELECHEK
rek

ВВС: Казакстан соцтүйүндөгү каршылык маанайларды аныктоо системасына буюртма берген

ВВС: Казакстан соцтүйүндөгү каршылык маанайларды аныктоо системасына буюртма берген

Digital Revolution тобунун хакерлери Орусия ФСБсына таандык "Квант" илимий-изилдөө институтунун серверин бузушканын ырасташууда.

Алар жарыялаган документте социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү системасы көрсөтүлгөн. Анын негизги максаты – каршылык маанайларды аныктоо жана анализдөө. Digital Revolution билдиргендей, "Квант" мындай системаны Казакстанда ишке ашыра баштаган. Би-Би-Синин орус кызматы бул үчүн Казакстан Маалымат жана коммуникация министрлиги 4,3 миллион доллар бөлгөнүн маалымдады.

Чабуул болгонун далилдөө үчүн хакерлер “Квант” серверинин администраторлорунун жана папка аталыштарынын тизмелерин скриншот менен көрсөтүшкөн. Учурда “Квант” сервери иштебей турат.

“Квант” тарабынан иштелип чыккан Интернеттеги коомдук пикирге байкоо жүргүзүү системасы "ВКонтакте", Facebook, "Одноклассник" жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү посттордун мазмунун автоматтык түрдө анализдөө үчүн нейрондук түйүндөрдү колдонууну сунуштайт. Системаны тестирлөөдө орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аты-жөнү киргизилген.

“Квант” жабык институт болуп эсептелет, ал Москванын Ховрино районунда жайгашкан. Институт 1970-жылы алгачкы советтик ЭВМдерди түзгөн. 2008-жылы аны ФСБнын карамагына өткөрүшкөн.

WikiLeaks сайтынын маалыматына караганда, “Квант” италиялык Hacking Team компаниясынын кардарларынын бири болгон. 2012-2014-жылдары ал бир нече тыңчылык жүргүзүүчү программаларды сатып алган болушу мүмкүн.

АКШ 2018-жылы “Квантка” каршы санкция киргизген. Өлкө бийлиги орусиялык илимий-изилдөө институтун президенттик шайлоо алдындагы хакердик чабуулдарга тиешеси болушу ыктымал деп айыптоодо.

Digital Revolution адистери “Интернетти түрмөгө айландыргандарды” – орусиялык укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарды, ошондой эле Роскомнадзорду жазалоого убада берген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...