Германия ТИМи АКШ аскерлеринин Сириядан чыгарылышына кабатыр
Германия тышкы иштер министри Хайко Маас
АКШ аскер контингентинин Сириядан чыгарылышы “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөшүүгө терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу 20-декабрда Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас билдирди.
Ал Ак үйдүн чечими Германия бийлигин таң калтырганын белгиледи. Герман ТИМ башчысы Сирияда радикалдуу исламисттердин позициясы олуттуу түрдө алсыраганын айтып, бирок бул ийгиликтер эми коркунуч алдында экенин маалымдады.
Буга чейин Франция өкмөтү Сириядагы аскер контингентин чыгарбай турганын жарыялаган. Европалык иштер боюнча министр Натали Луазо Страсбургдагы терактты эске салып, “терроризмге каршы күрөшүү аяктай элек” экенин билдирген.
Вашингтон аскерлерин 60 күндөн 100 күнгө чейинки аралыкта чыгарып кетүүнү пландоодо. Региондо бардыгы болуп эки миңден ашуун америкалык аскер жайгашкан. АКШ президенти Дональд Трамп эл аралык коалиция “Ислам мамлекети” тобун жеңгенин билдирген.
АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириядагы радикал исламчыларга каршы күрөштү 2014-жылы баштаган. Коалиция Сириянын демократиялык оппозициясын колдоодо.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52