KELECHEK
rek

Cапар Исаков: Бийликте турганда көйгөй көп экенин көрбөптүрмүн

Cапар Исаков: Бийликте турганда көйгөй көп экенин көрбөптүрмүн

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бийликте турган кезинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК), сотто кандай иштер болуп жатканына көз салбаганы үчүн өкүнөт. Мындай пикирин ал 18-декабрда Бишкек шаардык сотунда айтты.

Анын соттогу кайрылуусун Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 20-декабрда жазуу түрүндө таратты.

"Өкүнүчтүүсү - мен президенттик аппараттын жетекчиси, премьер-министр болуп турганда УКМКнын дубалдарынын артында, соттордо эмнелер болуп жатканын көргөн эмес экенмин. УКМКда отургандан бери бизде чынында эле мүшкүл абдан көп экенин көрүп жатам. Бүгүн мына мен саясий куугунтуктун ачык бир өкүлү болуп эсептелем”, - деп айтылат кайрылууда.

Шаардык сот ал күнү Исаковдун камактагы мөөнөтүн 5-январга чейин узарткан.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келатат. Исаков соттук отурумдарда тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган. Бул өңүттөгү пикирин 18-декабрдагы отурумда да сүйлөгөн.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов Сапар Исаковдун бул билдирүүсүн коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, актануу деп сыпаттады:

- Ар бир адам мыйзам чегинде пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок жоопкерчиликти да сезиши керек. Кыш чилдесинде Бишкектеги Жылуулук электр борбору бузулуп, миңдеген тургундар суукта калган. Буга байланыштуу кылмыш ишин тергөө мыйзамдын чегинде жүрүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынууда. Тергөө иштеринин алкагында Исаковдун башка долбоорлордо да мыйзамсыз иштерге кол урганы тууралуу далилдер бар. Бул боюнча да териштирүү жүрүп жатат.

Рахат Сулайманов тергөөдө Сапар Исаковго кысым көрсөтүлгөн эместигин айтты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53