KELECHEK
rek

Айыл чарба министрлиги: Эми Өзбекстанга картошка экспорттоодо маселе болбойт

Айыл чарба министрлиги: Эми Өзбекстанга картошка экспорттоодо маселе болбойт

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңешинин Ош шаарында өткөн жыйынында талкууланган айрым соода-экономикалык маселелер тууралуу айтып берди.

«Бизде Өзбекстанга картошка экспорттоодо көйгөйлөр болгон. Биз бул маселени талкуулап, чечтик. Өзбек тарап бизге 45 ишкананын тизмесин берди, кийинчерээк алардын саны 70ке чейин жетиши мүмкүн. Эми Өзбекстанга картошка сатууда эч кандай маселе болбойт», — деди Мурашев.

Өзбекстандын Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов Ош облусунун ишкерлери менен жолугушуу маалында 5 миллион долларлык келишимге кол коюлганын билдирди. «Кыргызстан менен жалгыз Анжиян облусунун эле товар алмашуусу 95 миллион долларды түздү. Бүгүн биз 5 миллион долларга дагы бир келишимге кол койдук», — деди Шухрат Абдурахманов.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңеши былтыр сентябрда түзүлүп, алгачкы жыйыны быйыл мартта коңшу өлкөнүн Фергана шаарында өткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38