KELECHEK
rek

АКШ Мамдепартаменти Түркияга "Патриот" ракеталык системаларын сатууга уруксат берди

АКШ Мамдепартаменти Түркияга

АКШ Мамлекеттик департаменти Түркияга үч жарым миллиард долларга бааланган "Патриот" зениттик-ракеталык комплекстерин сатууга макулдук берди. Бул тууралуу АКШнын коргоо министрлиги билдирди.

Анкара жалпысынан төрт комплекс сураган. 2017-жылы Түркия С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин сатып алуу боюнча Орусия менен келишим түзгөн. Анкарага алардын алгачкы партиясы 2019-жылы келмек.

АКШ жана НАТОнун өкүлдөрү орусиялык ракеталык системалар НАТОнун ракетага каршы коргонуу системалары менен интеграция боло албасын эскертишкен. Вашингтон эгер Анкара Орусиядан курал сатып алса, санкцияга кабыларын айтып, америкалык “Патриот” системасына артыкчылык берүүнү сунуштаган. Бирок түрк бийлиги америкалык зениттик-ракеталык комплекстер орусиялык С-400гө альтернатива боло албасын билдирген.

Ноябрдын аягында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиядан С-400 комплекстерин сатып алуу келишими жокко чыгарылбай турганын маалымдаган. Ошол эле маалда ал өзү НАТО боюнча союздаштарынан курал сатып алууга артыкчылык берерин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52