"Чек арасыз кабарчылар": 2018-жылы 80 журналист өлтүрүлгөн
2018-жылдын башынан бери дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 80ден кем эмес журналист өлтүрүлгөн. Тизмени эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму жарыялады.
Каза болгон журналисттердин теңинен көбү беш өлкөгө туура келет: Ооганстан (15 киши), Сирия (11), Мексика (9 ), Йемен (8) жана Индия (6 ). Укук коргоочулар Мексикада куралдуу жанжал болбогонуна карабай, журналисттер көп өлтүрүлгөнүн белгилешкен. 11 айдын аралыгында уруш жүрүп жаткан аймактарда жалпысынан 44 журналист мерт болгон.
Мындан тышкары учурда 348 журналист камакта. Эл аралык журналисттерди коргоо комитети үч жылдан бери кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 250 журналист мамлекеттик түрмөлөрдө отурганын, алардын 33ү аял экенин маалымдаган.
Бул арада америкалык Time журналы “Жылдын адамы” наамын журналисттердин тобуна ыйгарды. Алар репортаж жасоодогу эр жүрөк кадамдары үчүн сыйга татышкан. Сыйлык ээлеринин арасында саудиялык маркум журналист Жамал Хашогги, Reuters агенттигинин Мьянмада кармалган журналисттери, The Сapital Gazette басылмасынын кол салууга кабылган кабарчылары, абакта отурган филиппиндик Мария Ресса жана "Эхо Москвы" радиостанциясынын кол салууга дуушар болгон башкы редактору Татьяна Фельгенгауэр бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04