Өзбекстанда электр энергиясы үчүн төлөнгөн 17 миң долларды кымырып алган кызматкерлер камалды
Өзбекстандын Жизак облусунда электр колдонуучулардан түшкөн 143 миллион сум (17 миң доллардан ашык) акчаны кымырып алган кызмат адамдары камалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, аталган облустагы Фориш райондук электр түйүндөр ишканасынын, Улуттук банктын райондук бөлүмүнүн жана «Ипотекабанктын» Жизактагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери өз ара сүйлөшүп алып, электр керектөөчүлөрдөн накталай түрдө түшкөн акчаларды алардын эсебине которбой, электрондук кассаларга ойдон чыгарылган номурларды жазып жүрүшкөн.
«Тергөөнүн жүрүшүндө алар 2016-2018-жылдар аралыгында жалпысынан 143 миллион 567 миң 800 сумду кымырып алышканы аныкталды. Кармалган үч адамга карата кылмыш иши козголду», — деп жазылган билдирүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53