Түркмөнстанда жылкы өстүрүү тармагындагы адистерди даярдаган ЖОЖ ачылат
Түркмөнстанда жылкы өстүрүү тармагына адистерди даярдоочу жогорку окуу жай ачылат. Бул тууралуу өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов 3-декабрда өкмөт мүчөлөрү жана аймактардын жетекчилери менен жолуккан маалда билдирди.
Өлкөнүн расмий басылмаларынын маалыматына караганда, окуу жай менен катар эле Ахал облусуна илимий-өндүрүштүк борбор дагы курулат.
Мамлекеттик ТДХ агенттигинин билдиришинче, өлкө башчы «селекциялык-генетикалык иштерди жакшыртуу» тапшырмасын берип, мамлекет мындан ары дагы ата мекендик жылкы өстүрүү тармагы менен ат спортун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүсүн уланта турганын белгиледи.
Ахалтекин аргымактары Түркмөнстандын улуттук дөөлөтү болуп эсептелип, жылкы өстүрүү тармагын мамлекет башчы жеке өзү көзөмөлдөйт. Былтыр мартта түркмөн бийлиги ахалтекин тукумундагы таза кандуу аргымактардын каталогун түзүп, бул тукумдагы жылкыларда ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү ниетин билдирген.
Быйыл Түркмөн аргымагы күнүнө өлкөдө улуттук майрам макамы берилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30