KELECHEK
rek

ЕБ Орусиянын жалган маалыматтарына каршы күрөшүү планын иштеп чыкты

ЕБ Орусиянын жалган маалыматтарына каршы күрөшүү планын иштеп чыкты

Европа комиссиясы Орусия тараптан жайылтылып жаткан жалган маалыматтарга каршы күрөшүү планын иштеп чыкты. Максаты — кийинки жылы майда Европа парламентине боло турган шайлоо маалында Кремлдин кийлигишүүсүнө жол бербөө.

Евробиримдик жалган маалыматтарды жайылтуу жагынан алганда Орусия эң башкы коркунучтардын бири деп эсептейт. «Сириядагы согушка, Украинада MH17 каттамындагы учактын кыйрашына жана Солсберидеги чабуул маалында химиялык куралдын колдонулушуна байланыштуу жалган маалыматтарды жайылтуу өнөктүктөрү кылдаттык менен документтештирилген. Биздин булар боюнча далилдерибиз күчтүү. Бирок башка өлкөлөр дагы Орусиянын бул ыкмасына тез үйрөнүп, жалган маалымат таратуу стратегиясын уюштурууга өтүштү», — деп жазылган Европа комиссиясынын планында.

Документтин авторлору жалган маалыматтардын жайылышына каршы туруу үчүн аларды аныктоо жана анализдөө боюнча ЕБ институттарын жакшыртууну сунушташууда. Планда ошондой эле биримдиктин тышкы саясат мекемесинин стратегиялык коммуникацияларга багытталган бюджетин эки миллион евродон беш миллион еврого чейин көбөйтүү каралган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52