Жалал-Абадда калкка акысыз юридикалык жардам берлип жатат (ФОТО)
Жалал-Абад облусунун аймагында “КР мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам боюнча” координациялык борбору тарабынан калкка акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү жана жардам берүү боюнча декада өтүп жатат. Бул тууралуу “Көк-АртИнфо” маалымат борборунда өткөн жыйында белгилүү болду.
Аталган маалымат жыйынга Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Акбар Эрматов, КР Юстиция министрлигинин алдындагы “КР мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам боюнча” координациялык борбордун Жалал-Абад облусундагы координатору Эрмек Камашов жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Башкы адис А.Эрматовдун сөзүнө караганда, декаданын негизги максаты - калкка жана студенттерге акысыз юридикалык кеңеш берүү болуп эсептелет. Облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттерине, мектептерде окуучуларга декадалык окууларын баштап жатышат. Негизинен акысыз кеңеш берүү “КР мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам” деген мыйзамдын негизинде ишке ашырылууда. Аталган мыйзам ырасмий түрдө 2012-жылдан бери иштеп келе жатат. Толук өзгөртүүлөр менен 2016-жылдын 16-декабрында кайрадан кабыл алынган.
- Акысыз юридикалык кеңеш эки жол менен берилет. Биринчиси, консультациялык – укуктук дейбиз. Бул бардык кайрылган жарандар мыйзам боюнча маалымат алышат. Экинчиси болсо, квалификациялуу юридикалык жардам дейбиз. Бул багытта мамлекеттик ресстирде катталган адвокаттар тарабынан кармалгандарга, соттолгондорго тергөө убактысында акысыз юридикалык кеңеш берилет. Мындайча айтканда, мамлекет кепилдеген адвокаттар ушуларга кызмат көрсөтүшөт. Мисалы айта турган болсок, 2018-жылдын 11 айында 400гө жакын арыз катталып, 250 миң сомго жакын акча каржаты адвокаттарга төлөнүп берилди.
Бул бардык эле адамдарга эмес, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жашы жетпеген балдарга, 1-2-топтогу майыптарга, угуу-көрүү сезимдери бузулгандарга, Улуу Ата мекендик согуштун, Ооган согушунун катышуучуларына, жалгыз бой жана баатыр энелерге акысыз мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам көрсөтүлөт. Кандайдыр бир кылмыш-жазык ишине кириптер болуп калса, жогорудагы категориядагы жарандар акысыз юридикалык жардам алышат , - дейт А.Эрматов.
КР Юстиция министрлигинин алдындагы “КР мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам боюнча” координациялык борбордун Жалал-Абад облусундагы координатору Эрмек Камашовдун айтымына караганда, мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам эки түрдө болот.
- Биринчи түрү – консультациялык жардам. Консультациялык жардамды – КР жарандары, чет өлкөлүк жарандар, качкындар кайрылса болот. Аларга туура багыт берип, кайсы органга кайрылуусу боюнча кеңештер берилет жана сотторго биздин адистер арыздарды жазып беришет. Экинчи түрү - квалификациялуу юридикалык жардам. Квалификациялуу юридикалык жардамга – адвокаттар катышат. Биз адвокаттарды дайындап беребиз. Адвокаттын кызматы мамлекет тарбынан төлөнүп берилет. Эртең, 4-декабрь күнү облустук юстиция башкармалыгында ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Каалоочулар эртең менентен кечке чеийн келип, юридикалык кеңештерди алышса болот, - деди Э.Камашов.
“Токтогул районунан, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларынан көбүрөөк арыздар түщөт. Бул арыздардын көпчүлүгү уурулук жана баңгизат менен көбүрөөк түшүшөт. Ушул эки кылмыш менен бул жакта көбүрөөк катталышат. Облус аймагында 36 адвокат иштейт. Жалал-Абад шаарында - 14, Сузак, Базар-Коргон райондорунда төрттөн, Ноокенде үчөө, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларында экиден, Аксыда эки, Кара-Көлдө, Токтогул, Ала-Букада бирден мамлекеттик кепилденген адвокаттар иштешет. Эң алыскы болгон Чаткал менен Тогуз-Торо райондорунда адвокаттар жетишсиз болуп жатат. Бул маселени биз жогорку бийлик органдарына койгонбуз. Буйруса чечилип калат деген ойдобуз. Чаткал районуна Ала-Бука районунан адвокаттар барышат. Ал эми Тогуз-Торо районуна кышында Нарындан жана Ак-Талаадан барышат экен. Бул жакка келгенде биз дайындап беребиз. Быйылкы жылы Тогуз-Торо району боюнча 6 кылмыш ишке алты адвокат дайындалган”, - деди А.Эрматов.
Облус аймагында төрт жерде – Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында, Базар-Коргон, Токтогул райондорунда акысыз юридикалык жардам берүү боюнча борборлор бар.
Анархан Жаңыбаева, kogart.kg
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









