KELECHEK
rek

Тажикстандагы сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Тажикстандагы сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Тажикстандын «Чакан» деп аталган сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди.

Мындай чечим 29-ноябрда Порт-Луи шаарында (Маврикий Республикасы) өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин жыйынында кабыл алынды.

«Чакан» оймо-чиймелери менен саймалары көйнөктөрдү кооздоо үчүн байыртан бери Хатлон облусунда жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунда кеңири колдонулуп келет. Бул үчүн колго жасалган көп түстүү кездеме жиби пайдаланылат. Колго сайылган сайма менен кооздолгон Чакан көйнөктөрү («Платье чакан») жүздөгөн жылдардан бери Тажикстандын тоолуу райондорундагы аялдардын улуттук кийими болуп келген. Чаканда колдонулган көптөгөн оймо-чиймелердин арасынан бүгүнкү күндө дагы тажиктердин исламга чейинки доордогу маданиятына байланышкан элементтерди көрүүгө болот. Нооруз майрамында атлас сыяктуу эле чакан дагы тажик кыздарынын кийимдериндеги негизги элементтердин болуп эсептелет.

Мындан тышкары Тажикстанда чакан саймалары түшүрүлгөн улуттук баш кийимдер дагы популярдуу.

Учурда Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдик тизмесинде 399 элемент бар. Тизменин максаты адамдардын көңүлүн кылымдар бою муундан муунга өтүп келген түрдүү коомдордун салттуу каада-салттарына буруу болуп эсептелет.

2016-жылы декабрда тажиктердин «оши палав» (палоо) тамагы «Тажикстандын салттуу тамагы жана анын социалдык-маданий контексти» катары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13