KELECHEK
rek

Өзбекстанда жол коопсуздук инспекторлору айдоочуну өлөрчө сабаган

Өзбекстанда жол коопсуздук инспекторлору айдоочуну өлөрчө сабаган

Өзбекстандын Наманган облусунун 53 жаштагы тургуну Бахром Асадуллаевдин туугандары аны жол коопсуздук кызматкерлери өлөрчө сабаганын билдиришүүдө.

Алардын айтымында, 27-ноябрь түндөсү жол коопсуздук инспекторлору кичи автобусу менен бараткан Бахром Асадуллаевдин токтошун талап кылышкан. Бирок ал инспектордун талабына баш ийбегендиктен, алар айдоочуну кууп барып, өлөрчө сабап, андан кийин ооруканага жеткиришкен.

- Агамдын эмне себептен токтобой койгонун билбейм. Бирок ал таптакыр ичкилик иччү эмес. Окуянын күбөлөрү инспекторлор агамды кууп барып, сабап, андан кийин милиция бөлүмүнө алыр барышканын айтышты. Ал өтө катуу сабалгандыктан ооруканага жеткирилгенге чейин эле каза болуп калган, - деди маркумдун иниси Жамолиддин Асадуллаев.

Ооруканадагы алгачкы медициналык текшерүү Асадуллаев жүрөгү кармап өлгөн деген корутунду чыгарган. Бирок эртеси маркумдун туугандары анын денесиндеги көк-ала тактарды көрүп, кайрадан экспертиза өткөрүүнү талап кылышкан. Азырынча экинчи экспертизанын жыйынтыктары белгисиз.

Райондук жол коопсуздук кызматынан учурда мекеменин аталган эки кызматкерине карата кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...