KELECHEK
rek

НАТО Азов деңизине аскер кемелерин жөнөтпөйт

НАТО Азов деңизине аскер кемелерин жөнөтпөйт

Украин президенти Петро Порошенко бейшембиде НАТОдон өлкөсүн коргоого жардам иретинде Азов деңизине аскердик кемелерди жөнөтүүнү суранган. Бирок Европа лидерлери жана НАТО Порошенконун коопсуздук чараларын күчөтүү чакырыгына салкын мамиле жасашты.

НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску биримдиктин Кара деңизде жетиштүү өлчөмдө аскерлери бар экенин жана Азов деңизине аскер кемелери жөнөтүлбөй турганын айтты.

Альянстын кемелери Кара деңизде ырааттуу түрдө машыгууларды өткөрүп келет. Бул жылы кемелер аталган аймакта 120 күн болушкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 40 күнгө көп.

Оана Лунгеску НАТОго мүчө болгон бир нече өлкө аймактагы аба мейкиндигинде да чалгындоо иштерин жүргүзүшкөнүн белгиледи.

Германия канцлери Ангела Меркель Порошенконун чакырыгына жооп иретинде көйгөйдү аскерий эмес сүйлөшүү жолу менен гана чечүү мүмкүн экенин билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52