БУУ Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпаганын билдирди
Сирия жаңжалын жөнгө салуу боюнча Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын Астанадагы сүйлөшүүсүнөн эч кандай майнап чыккан жок. Бул тууралуу бейшембиде БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, ал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Сирияда Конституциялык комитет түзүү боюнча бир келишимге келе албаганына өкүнгөнүн билдирди.
Бул комитет Мистура менен бирге Сириянын жаңы Конституциясынын долбоорун түзмөк. Сирия өкмөтү менен оппозициясынын 150дөй өкүлүнөн турган комитет түзүлгөндөн кийин БУУнун демилгеси менен уюштурулган Женева сүйлөшүүлөрү кайра жанданмак.
Жакында эле де Мистура жыл аягына чейин комитет түзүлбөсө, мындан ары ага аракет кылбай турганын билдирген.
Астана сүйлөшүүлөрү былтыр жыл башында Орусиянын демилгеси менен башталган. АКШ бул "майнапсыз сүйлөшүүлөр" үчүн Москва менен Дамаскты сындап келген. Орусия, Иран, Түркия демөөрчү болгон Астана сүйлөшүүлөрү 2017-жылдан бери бир нече айлампа менен өттү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









