Трамп Аргентинада Путин менен жолукпай турган болду
Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп Аргентинада өтө турган «Чоң жыйырманын» саммити маалында Орусия президенти Владимир Путин менен жолукпай турганын билдирди.
Мындай чечимин Трамп Орусия чек арачылары тарабынан украин аскер кемелеринин кармалышы жана камалган украин суучулдарынын кое берилбей жатышы менен түшүндүрдү. Ал Путин менен бул абал жөнгө салынгандан кийин жолуга турганын кошумчалады.
Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус басылмаларына Путин менен Трамптын Аргентинадагы пландалган жолугушуусу болбой калганы тууралуу маалымат Кремлге келе электигин айтты.
Шаршембиде АКШдагы украин диаспора өкүлдөрү Трампты «Чоң жыйырма» саммитинде Путин менен жолугуудан баш тартууга чакырышкан. Бүгүн Кремль жолугушууга даярдыктар дале жүрүп жатканын билдирген. Reuters агенттиги Кремлдин документтерине шилтеме кылып, жолугушуу 1-декабрда Москва убактысы боюнча 17:30да башталып, эки саатка созулмактыгын жазды.
Трамп менен Путиндин толук форматтагы жолугушуусу быйыл июлдун ортосунда Хельсинкиде өткөн. Андан кийин эки өлкө лидерлери ушул айда Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгына арналган Париждеги иш-чара маалында кыска маектешкен.
Мурдараак АКШнын Мамлекеттик департаменти ЕБ өлкөлөрүн украин суучулдарынын кармалышына байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкцияларды катаалдаштырууга жана «Түндүк агым-2» деп аталган биргелешкен энергетикалык долбоорду кайра карап чыгууга чакырган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









