KELECHEK
rek

Киев кемелеринин камалышы боюнча эл аралык трибуналга кайрылды

Киев кемелеринин камалышы боюнча эл аралык трибуналга кайрылды

Украина өз кемелерин орусиялык чек арачылардын басып алынышына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Деңиз укуктары боюнча эл аралык трибуналына кайрылды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Анда Орусия Керч кысыгы аркылуу өтүүчү украиналык жана чет элдик кемелерди “бөлүп-жаруу куугунтугун” дагы эле улантып жатканы белгиленет.

Учурда трибунал БУУнун конвенциясынын бузулушу боюнча даттанууну карап жатканы кабарланууда.

Киев 25-ноябрда Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны “агрессия” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 23 суучулун кармап кетип, алардын 12син эки айга камаган. Буга байланыштуу Украинанын бир катар аймактарында аскердик абал жарыяланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-ноябрдагы билдирүүсүндө деңиздеги карама-каршылык үчүн расмий Киевди күнөөлөп, муну "украин президенти Петро Порошенконун келерки жылы өтө турган шайлоо алдында уюштурулган чагымы” деп баалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53