KELECHEK
rek

Эгизбаевдин өлүмү боюнча иш сотко өттү

Эгизбаевдин өлүмү боюнча иш сотко өттү

Уланбек Эгизбаев

“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул боюнча “Акун” пансионатына Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин алкагында кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле маркумдун "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүнө байланыштуу козголгон эки кылмыш иши учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөсүндө. Коомчулукта “маркум көрсөтүп, иликтеп кеткен коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат” деген нааразы пикирлер бар.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү Сүйүнбек Муңайтбасов "Азаттыкка" билдиргендей, Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, иштин материалдары сотко өттү.

- «Бизде пансионат боюнча эле иш бар, - деди тергөөчү. - Андан башка жок. Иликтөөдө Эгизбаевдин киши колдуу болгону тууралуу эч кандай белги табылган жок. Ошого байланыштуу коопсуздук эрежелеринин бузулганы боюнча эле пансионатка кылмыш иши козголгон. Маркумдун бутундагы тактар боюнча дооматтар болбоду беле? Ошондон улам кошумча экспертиза өткөрүү зарылдыгы чыккан. Экспертиза "ал тактар маркум тирүү кезинде эмес, өлгөндөн кийин пайда болгон" деген тыянак чыгарып берди».

Уланбектин өлүмүнөн кийин анын "Көрүстөндөгү коррупция" аттуу теле берүүсүндөгү коррупциялык фактыларды жана маркумдун дарегине келген коркутуп-үркүтүүнү иликтөө өтүнүчү менен "Азаттык" Ички иштер министрлигине да кайрылган. Буга чейин прокуратура көрүстөн бизнесине байланыштуу эки кылмыш ишин козгогону ачыкка чыккан. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жаркынай Азиеванын айтымында, иликтөөдө Бишкектин Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин кызмат адамдары жемкордукка белчеден батканы аныкталып, экинчи ирет иш ачылган.

“Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасында Бишкектин Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалары ачык айтылып, кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган. Бул көрсөтүү коомдо кызуу талкуу жаратып, көзү тирүү кезинде Уланбек Эгизбаевге жана программада интервью берген Бишкектеги ритуалдык кызматтын мурдагы кызматкери Максат Баялиевге бош конверттер келген эле. Кийинчерээк бул конверттерди Эгизбаев менен Баялиевди “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун адвокаты жибергени дайын болгон.

28 жаштагы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза "журналисттин өлүмүнө сууга чөгүү себеп болгон” деген бүтүмгө келген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53