
Грузиядагы президенттик шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңишке жетти

Саломе Зурабишвили
Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бийлик колдогон талапкер Саломе Зурабишвили жеңишке жетти.
Ал добуштардын 59,5 пайызын алса, оппозициялык талапкер Григол Вашадзени шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгы колдогон.
Шаршембиде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасына болжол менен жарандардын 56% катышты. БШКнын маалыматына караганда, Зурабишвили өлкөдөгү ири шаарлардын дээрлик бардыгында жеңишке жеткен.
Зурабишвили дагы, Вашадзе дагы мурда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигин жетектешкен. Саломе Зурабишвилини бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы колдогон. Анын шайлоо алдындагы программасынын башкы пункттары Грузиянын НАТОго кошулуусу жана өлкөнү тынчтык жол менен бириктирүү болгон. Григол Вашадзенин талапкерлигин мурдагы президент Михаил Саакашвилинин «Бирдиктиктүү улуттук кыймылы» башында турган оппозициялык коалиция көрсөткөн.
Бир ай мурда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында дагы Зурабишвили добуштардын көбүнө ээ болгон. Анда оппозиция бийликти шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого аракет кылды деп айыптаган.
Грузияда президент алты жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолу мамлекет башчы акыркы жолу түз шайланды. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти өлкөнүн парламенти жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен шайлоочулардын 300 адамдан турган жамааты шайлашы керек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |