ТИМ Кытайдагы кыргыздардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз улутундагы Кытай жарандарынын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу министр Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Комитет бул маселени жабык карады. Депутат Таабылды Тиллаевдин айтымында, анда Айдарбеков азырынча маалымат тактала элек экендигин айтты.
- Кытай жабык мамлекет. Алар биздин туугандар болгон менен Кытайдын жарандары. Ошондуктан бул маселеге кылдат мамиле кылбасак ал жактагы кыргыздарга кыйынчылык жаратып алышыбыз мүмкүн, - деди Тиллаев.
Ушул күнгө чейин Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын төрт жараны Кытайдагы куугунтукталган туугандарын таап берүүгө жардам сурап кайрылган.
Парламенттин комитети жабык түрдө өткөн жыйында Кытайдын Шиңжан автономдук аймагындагы куугунтукталды делген кыргыздардын абалын талкуулады.
Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. 26-ноябрда жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кабыл алып, жардам сураган.
Кайрылууда Кытайдагы кыргыздар Бээжин "саясий тарбиялоочу борбор" деп атаган лагерлерде бейкүнөө жана себепсиз кармалып, катуу кыйноого кабылып жатканы жазылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53