Чет өлкөлүк туристтерге кол салган киши теракт даярдыгы тууралуу айтып берди
Душанбе-Дангара трассасында чет өлкөлүк туристтерди өлтүрүү айыбы менен өмүр бою эркинен ажыратылган Хусейн Абдусамадов терактка кантип даярдык көрүлгөнү тууралуу айтып берди.
21-ноябрда Тажикстандын Жогорку соту өмүр бою эркинен ажыраткан. 33 жаштагы Хусеин Абдусамадовго "Терроризм", "Мыкаачылык менен киши өлтүрүү", “Кылмыштуу топ түзүү”, “Чет өлкөдөгү уруштарга адамдарды тартуу” өңдүү тогуз берене менен айып коюлган.
Видеосюжетте Хусейн Абдусамадов биринчи жолу кол салуу тууралуу үн катты:
– Биз алгач Душанбе-Майхура жолунда баратканбыз, бирок эч кандай турист көргөн жокпуз. Андан соң Душанбе-Турсунзаде жолун карап чыктык. Бирок ал жерден да тапкан жокпуз. Ал эми Душанбе-Куляб трассасында чет өлкөлүк велотуристтерди көрдүк. Алар жетөө болчу. Биз алгач аларды унаа менен тебелетип, андан соң бычак менен кол салдык. Андан соң жашырындык.
Ал мурун Сирия жана Иракта болгонун мойнуна алды:
– Биз “Ислам мамлекети” тобуна ант бергенбиз. Түркияга келгенде Кори Носир “Ислам кайра жаралуу” партиясы менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Тажикстанда теракт жасоо боюнча келишим түзүшкөнүн кабардар кылды. Чет өлкөлүктөргө кол салуунун максаты – эл аралык аренада Тажикстандын кадыр-баркына сокку уруу экенин айтышты.
29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны каза болуп, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.
Туристтерди машине менен тебелеткен окуя боюнча 17 кишинин үстүнөн сот иши октябрда башталган. Өмүр бою соттолгон Абдусамадов - кол салгандардын ичинен жалгыз тирүү калган киши. Калгандары кылмышты жашырганы үчүн айыпталышкан. 21-ноябрдагы Жогорку соттун өкүмүнө ылайык, эки айыпкер 16 жылдан эркинен ажыратылса, дагы 12 киши 1-1,5 жылдан абакка кесилди.Тажикстанда эң оор жаза - өмүр бою эркинен ажыратуу. Өлкөдө азыр өлүм жазасы колдонулбайт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









