KELECHEK
rek

Батыш өлкөлөрү Орусияны украин суучулдарын бошотууга чакырды

Батыш өлкөлөрү Орусияны украин суучулдарын бошотууга чакырды

Батыш өлкөлөрү Керч кысыгындагы окуяда Киевди колдоп, Орусияны украин кемелери менен суучулдарын тез арада бошотууга чакырышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өлкө Орусиянын бул агрессивдүү кадамын айыптай турганын билдирди. «Кошмо Штаттар бул агрессивдүү кадамды айыптайт. Орусияны Украинанын аймактык бүтүндүгүн эл аралык деңгээлде таанылган чек аралардын негизинде сыйлоого жана кармалган украин кемелери менен суучулдарын бошотууга чакырабыз. Эки тарап тең сабырдуулук кылып, эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керек. Эки өлкөнүн президенттери абалды жөнгө салууга түздөн-түз катышууга тийиш», — деди Помпео.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли деңиздеги окуяны «Украинанын суверенитетин бузуу» деп атады. Ал Кошмо Штаттар украин элинин орусиялык агрессияга каршы аракеттерин колдоосун уланта турганын кошумчалады.

Улуу Британиянын БУУдагы өкүлүнүн орун басары Жонатан Аллен Орусия Украинага каршы акыркы аракеттери менен Батышка чакырык таштаганын билдирди. «Орусия Крымдын мыйзамсыз аннекциясын бекемдеп, Азов деңизин аннексиялоону каалап жатат. Москва эл аралык коомчулук буга унчукпай макул болуп, аны жаңы реалдуулук катары кабыл алат деп үмүттөнүп жатат окшойт. Жок, биз кабыл албайбыз. Орусиянын жаңы реалдуулуктарды түзүү аркылуу тарыхты кайра жазуусуна жол бербеш керек», — деди Аллен.

Күн мурун украин парламенти «Орусия агрессиясынын» алдында алсызыраак болгон бир катар аймактарда аскердик абал киргизүү тууралуу Порошенконун сунушун колдогон. Аскердик абал 28-ноябрда башталып, 30 күнгө созулат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52