KELECHEK
rek

Украинанын бир катар облусунда аскердик абал киргизилди

Украинанын бир катар облусунда аскердик абал киргизилди

Украин парламенти – Жогорку рада Орусия жана Приднестровье – Молдованын жикчил аймагы менен чектешкен он облуста 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү колдоду. Президент Петро Порошенко өлкөгө аскердик абал киргизүү жөнүндө жардыкка 26-ноябрда кол койду.

Мыйзам долбоору дароо парламентке келип түшкөн.

Анын алдында Украина преизденти Петр Порошенко аскердик абалды 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартуу чечимин кабыл алган. Ал чукул кырдаал менен шайлоо кампаниясынын башталышын дал келтирүүнү каалаган эмес.

Жогорку Рада 26-ноябрда келерки президенттик шайлоо күнүн белгиледи: Ал 2019-жылдын 31-мартында болот.

Украинанын Куралдуу күчтөрү толук күжүрмөн даярдыкта экенин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Керч кысыгында кырдаал курчугандыктан Коопсуздук кызматынын ички курамы да аскердик абалга даярдык көрүүдө.

Иллюстрация: аскердик абал киргизилген облустардын картасы

Киевдин маалыматына караганда, буга чейин Орусия Украинанын 23 морягын кармап кеткен. Булардын ичинен алтоо жаракат алган, экөө оор жарадар болгон. Орусия тарап Украинанын жаракат алган үч морягы азыр ооруканада экенин билдирди. Ал эми Украинанын кармалган үч кеме-катери Керч портуна жеткирилген.

Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, кармалган украин моряктары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады.

Украина президенти Петр Порошенко Кремлден Керч кысыгында кармалган украин моряктарын жана кемелерин тезинен бошотууну талап кылды.

25-ноябрда Орусия Керч кысыгы аркылуу украин аскер кемелерин өткөрбөө үчүн деңиз жолун убактылуу жапкан.

Орусиянын аймактагы аракеттерин бир катар европалык өлкөлөр жана АКШ сынга алды. НАТО Керч кысыгындагы абалга көз салып жатканын билдирип, тараптарды сабырдуулукка үндөдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52