KELECHEK
rek

Өзбекстанда он миң аскер кызматкери пахта терүүдө

Өзбекстанда он миң аскер кызматкери пахта терүүдө

Өзбекстан Куралдуу күчтөрүнө чакырылган жигиттер. Архив сүрөт

Талааларда пахта дээрлик жок калганына карабастан, Өзбекстан Куралдуу күчтөрүнүн оң миңге жакын аскери Сырдарья облусунун Акалтын районунда ак була терүүсүн улантышууда. Бул тууралуу жергиликтүү акимчиликтин кызматкери кабарлады.

Анын айтымында, алардын арасында бир айлык, бир жана беш жылдык мөөнөттөргө түзүлгөн келишимдин негизинде аскерге келген жоокерлер дагы бар.

Бухарадагы аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жаткан жоокерлердин бири алар 20-сентябрдан бери пахта теримде жүрүшкөнүн билдирди. «Бизге 5-декабрга чейин пахта тере тургандыгыбызды айтышты. Азыр күн салкын, талааларда пахта дээрлик калбай калды. Бир күн бою ар бирибиз болгону 2-3 гана килограммдан сапатсыз пахта терип жатабыз. Бул жерде убактыбыз бекер өтүүдө. Азыр аскердик даярдыктан өтсөк жакшы болмок», – деди жоокер.

Өзбек Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын өлкөдө 30-35 миң жигит милдеттүү түрдө аскер кызматына чакырылып турат. Учурда Өзбекстан Куралдуу күчтөрүнүн саны болжол менен 48 миңди түзө турганы айтылууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13