Сузакта «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган үйлөргө тинтүү жүргүзүлдү
Бүгүн Сузак райоунун аймагында «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрүнүн жашаган 2 дарегине тинтүү жүргүзүлүп, жалпысынан иш-чара учурунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремистик уюмуна шектүү болгон 4 даана китеп, 1 даана ДВД диск жана 1 даана блокнот далил буюм катары алынган. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, бул иш-чара Жалал-Абад ОИИБнын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алынган ыкчам маалыматтын негизинде, КР УККнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын, облустук казыяттын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомчулуктун катышуусунда облустун аймагында диний экстремизм жана терроризимдин алдын алуу максатында Жалал-Абад шаардык сотунун тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген токтомунун негизинде өткөрүлдү.
“Жогорудагы факты боюнча топтолгон материал Сузак РИИБнүн КККне катталып, ТБнө өткөрүлүп берилип, соттук-теологиялык экспертиза дайындалды”, - дейт Жалал-Абад ОИИБнын башчысы, милициянын поковниги Ж.Джоробеков.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41