KELECHEK
rek

Кытайлык кыргыздардын жакындары президентке кайрылышты

Кытайлык кыргыздардын жакындары президентке кайрылышты

Кытайдан Кыргызстанга келген кайрылмандар жана кытайлык кыргыздардын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам сурашты.

Алар 26-ноябрда мамлекет башчыга жазган катында "Кытайдын кыргыз улутундагы жарандары "тарбиялоочу лагерлерде" негизсиз кармалып жатканы" айтылып, аларды бошотууга көмөк көрсөтүүнү сурашты. Бул тууралуу кат жазган топтун өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Ал эми кармалган кыргыздар жана казактар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат.

Куугунтукка кабылгандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет. Акыркы кезде Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары "саясий тарбия берүүчү лагерлерден" кесип үйрөнүп, көз карашы өзгөрүп чыккан адамдар, анын ичинде жаштар тууралуу тасмаларды көрсөтүүдө. Анда алар “экстремизм оорусунан” айыкканын белгилешкен.

Буга чейин Казакстан Кытайга нота жиберип, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бийликтин жана жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыгып, буга чейин казак жарандыгын алгандары Казакстанга келген. Кыргыз бийлиги Кытайдагы кыргыздардын укуктары боюнча дипломатиялык ыкмаларды колдоно элек.

Расмий маалыматка караганда, Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Шинжаңда казактардын саны 1 миллион 400 миңден ашат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13